Саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Кечээ, 12-май күнү президенттин жана Министрлер кабинетинин аппаратынын Экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти Гүлмира Шакирова министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин жаңы орун басарын тааныштырды. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Нурийла Шериева саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.