Аманова Салтанат Абдылдаевна Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.