Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кечээ, 15-октябрда Салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болуп дайындалды. Ал Салык кызматынын системасында 2011-жылдан бери эмгектенип келет жана соңку учурда төраганын орун басары болуп келген. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ал эми Салык кызматынын буга чейинки жетекчиси Илияз Иманбетов финансы министринин биринчи орун басары болду.