Самат Исабеков Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Исабеков Самат Сатарович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 7-июнда кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Бажы кызматынын өздүк курамына Самат Исабековду тааныштырды. Самат Исабеков 1996-жылдан ушул күнгө чейин бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.