Саматбек Ибраев соттошо турганын же Мирлан Жээнчороев менен эркекче жекеме-жеке чыгарын айтты

Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетиши боюнча, экөөбүз абдан катуу талкуулаштык, аябай келишпеген маселелер болду. Бирок кыргызда «кеткен кишини эч качан жамандабайт» деген жакшы сөз бар. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Саматбек Ибраев билдирди.

Ал Абдыгуловго ийгилик каалап, аны менен чогуу иштешкенге дайыма даяр экенин билдирди. «Айта турган нерсе, 7 жыл ичиндеги Улуттук банктын ишмердүүлүгүн аудит жасашы керек деп ойлойм», — деди ал. Ошондой эле депутат бири-бирин каралабоого чакырды. «Мына менин дарегиме абдан катуу сөздөрдү айтып жатышат. Мирлан Жээнчороевге сунуш айтат элем. Бири-бирибизге катуу сөз айтпайлы. Мен эки эле жолду көрүп турам. Же соттошушум керек, же эшикке чыгып эркекче жекеме-жеке чыгыш керек», — деди ал.

Буга чейин депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эмне үчүн кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын сураган. Депутатка бул Абдыгуловдун өзүнүн чечими экени айтылганда «Кара пиар менен алектенген уятсыз алдамчылардын аракеттеринен улам биз кесипкөй кадрларыбыздан айрылдык» деген.