Самыйкожо: «МИК куруп жаткан объекттердеги 1 чарчы метрдин баасы канча турат?»

Бүгүн, 20-сентябрда «Элдик» депутаттык тобу Кыргыз жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун жаңы «Менин үйүм» программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Талкуу маалында депутат Мирлан Самыйкожо МИК тарабынан курулуп жаткан объекттердеги 1 чарчы метрдин баасы, Скрябин, Маликов, Айтматов көчөлөрүндөгү МИК объектилерин бүткөрүү мөөнөттөрү, жеңилдетилген ипотека алкагында кезектүүлүктүн сакталышы тууралуу суроолорду узатты. Буга Нурадил Баясов 1 чарчы метр турак жайдын баасы 650 АКШ долларын, ал эми үлүштүк курулуштун алкагында 950 доллар түзөрүн маалымдады. Анын айтымында, белгиленген үч объекттеги батирлер 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, МИКтин ар бир катышуучусу өз кезегин көзөмөлдөй алат.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков МИКтен үй сатып алууну каалаган муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин саны, батирлердин баасы жана ипотекалык насыя боюнча ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр тууралуу маселени тактады. Ал белгилегендей, калктын өсүшүн эске алуу менен МИКтин ишин өзгөртүү зарыл, анткени турак жайдын жетишсиздиги 40 млн чарчы метрден ашат.