Санариптик өнүктүрүү кызматынын жетекчилери иштен алынды

Өкмөттүн ирилештирүү саясатынын алкагында Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жетекчилери иштен бошотулду.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, мындай чечим бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюу иш-чараларынын негизинде кабыл алынды.

“Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, бири-биринин ишин кайталаган кызмат орундары кыскарды. Зарыл эмес иштерге каржылык жана административтик чыгымдар которулганы аныкталган. Мекенинин жетекчилери иштен бошогону менен кызматкерлер штаттык режимде ишин улантып жатат”, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле “Түндүк”, “Инфо-Система”, «Соцсервис», «Транском» жана «Укук» мамлекеттик ишканаларынын башчылары да иштен кеткен.

Өкмөткө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы быйыл Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине кошулган. Мекеме мурда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитет деген аталышта иш жүргүзчү.