Санариптик өнүктүрүү министри болуп Догоевдин ордуна Иманов дайындалды

Бүгүн, 6-январда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Догоев Дастан Давлетович санариптик өнүктүрүү министри ээлеген кызматынан бошотулду. Анын аталган кызматтан кеткени 27-декабрда айтылган болчу, бирок расмий түрдө эми гана ырасталды.

Өлкө башчысы кол койгон дагы бир жарлык менен Иманов Талантбек Орускулович санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аталган кызмат ордуна дайындоо үчүн анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.