2020-жылдын 22-мартында өкмөттүн буйругу менен өзгөчө кырдаал киргизилген. «Бүгүнкү күндө бул режим иштеп жатабы?» деп сурады депутат Дастан Жумабеков 22-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында.
«Азыр өзгөчө кырдаал режими жок», — деди санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Абдисамат Сагымбаев.
«Бул өкмөттүн буйругу күчүн жоготту дегенди билдирет. Мен буйруктун күчүн жоготту деген эч кандай документ тапкан жокмун», — деди Жумабеков. Өзгөчө кырдаал качан жоюлганын министрдин орун басары айткан жок.