Санариптик өнүктүрүү министрлигинде 6 миң адам иштейт. Анын ичинен бешөө министрдин орун басары

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Исхак Масалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигине эмне үчүн 6 миң адамдан турган чоң штат керектигине кызыкты. Анын айтымында, мындай штаттын камсыздоосуна 570 миллион сом сарпталат.

«Сиздин канча орун басарыңыз бар?» — деп депутат министрден сурады.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов 5 орун басары бар экендигин айтты.

«Сизге мынча көп орун басардын эмне кереги бар? Сиз жетектеген министрлик санариптештирүү менен алектениши керек, демек, адамдык факторду азайтышы зарыл. Бардык министрликтер чыгымын азайтуунун үстүнөн иштеп жатат, ал эми сиздерде мурда кандай болсо, азыр да ошондой», — деди депутат.