Санариптик өнүктүү министрлиги: «Кыргызстанда 2 жылдан бери өзгөчө кырдаал режими бар»

Бүгүн, 24-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында депутат Дастан Жумабеков «Кыргызстан өзгөчө кырдаалда иштеп жатабызбы?» деген суроо узатты.

Буга санариптик өнүктүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков Кыргызстанда 2 жылдан бери өзгөчө кырдаал бар экенин айтты. «Өзгөчө кырдаалдын түрлөрү бар. Мисалы, пандемия башталганда жарандар Калкты тейлөө борборуна да бара албай калышкан. Анын баары өттү. Балдарга паспорт берип жатат», — деди ал.