Жапаровго ишенем дегендер бир аз көбөйүп, ал эми Ташиевге ынангандар азайды. IRI’нин кезектеги иликтөөсү жарыяланды

Эл аралык республикалык институту (IRI) жаңы сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады. Сурамжылоо 11-сентябрдан 26-сентябрга чейин жүргүзүлгөн жана ага Кыргызстандын бардык аймактарындагы 18 жаштан улуу 1,2 миңден ашуун жаран катышкан.

Сурамжылоодо мурдагыдай эле элдин саясатчыларга болгон ишениминин деңгээли тууралуу маалыматтар берилген. Анда мурдагы сурамжылоого караганда президент Садыр Жапаровго ишеним аз да болсо жогорулаганын, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге болгон ишеним төмөндөгөнүн көрүүгө болот. Мурдагы сурамжылоодо 3-орунда турган мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбековго ишеним 2 пайызга түшүп кеткен. Ал эми Адахан Мадумаровго ишенгендердин саны азайган да, көбөйгөн да эмес. Дегенибиз, мурда да 6 пайыз болсо, бул сурамжылоодо да 6 пайыздык көрсөткүчкө ээ болгон. Түшүнүктүү болушу үчүн мурдагы сурамжылоо менен жаңы жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыктарын көрсөтөбүз:

6-июлдан 16-июлга чейин өткөрүлгөн сурамжылоо

Саясатчыларга болгон ишенимдин деңгээли боюнча биринчи орунда президент Садыр Жапаров 35 пайыз менен, экинчи орунда Камчыбек Ташиев 20 пайыз менен турат. Алар башкалардан чоң айырма менен алдыга чыгышкан. Үчүнчү орунда мурдагы маданият министри Нуржигит Кадырбеков. Төртүнчү жана бешинчи орундарды Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Бабанов ээледи.

Сурамжылоодо 3 айымдын аты аталган. Алар: Клара Сооронкулова (2%), Ассоль Молдокматова (1%), Ирина Карамушкина (1%).

Мурдагы сурамжылоодо экс-президент Сооронбай Жээнбековдун да фамилиясы болсо, жаңысында анын аты аталган эмес.