Сапар Исаков байланышка чыкты. Ал Москвада жүрөбү?

Бүгүн, 22-февралда Фейсбук социалдык тармагында экс-премьер-министр Сапар Исаковдун атынан жаны баракча пайда болуп, билдирүү таратты.

Анда ал; «Урматтуу мекендештерим! Эртели кеч чындык жарк этип такталат,мен ишенем сөзсүз акыйкат орнойт”,- деп жазган. Ошондой эле бул билдирүү Орусиянын Москва шаарынын чок ортосундагы «Кызыл Кремлинен» жазылганы белгиленген.

Белгилей кетсек, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргызстандын тарыхындагы эң чуулгандуу коррупциялык чырдын бири болгон Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупциялык иштерге айыпталып 2018-жылы тергөө башталып, анын алкагында 2012-2014-жылдардагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен 2017-2018-жылдары өкмөттү башкарган Сапар Исаков жазага тартылып, Исаков15 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бирок былтыр октябрдагы элдик толкундоонун күчү менен Исаков түрмөдөн бошотулган. Андан бери анын кайда экени белгисиз.