Сапар Исаков менен Албек Ибраимов издөөгө жарыяланды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимов мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланды.

6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар  өткөргөн митинг башаламандык менен уланып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, учурда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров баш болгон бир канча адамдар түрмөдөн чыгарылган болчу. Анын катарында Исаков менен Ибраимов да бар эле. Ал экөө “үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу жети күнгө” деген негизде бошотулган жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда барып калышы керек болчу. Бирок Сапар Исаков менен Албек Ибраимов кайтып барышкан эмес.