Президенттин маалымат катчысы Сапар Исаковдун кримчөйрөнүн өкүлү менен делген сүрөтүн жарыялады

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамоновдун 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин Садыр Жапаров «Камчы Көлбаев мени эмес, Сапар Исаковду колдогон» деген сөзүңүзгө аргументтер барбы? Кантип далилдей аласыз?» деген суроого жооп берген.

«Ага толук далилдер бар. Ошол мезгилде эле Камчы Көлбаев Сапар Исаковду колдоп жатканын билгенбиз. 6-октябрь күнү Камчы Көлбаев Сапар Исаковго “Атамбаев экөөңөр мына ушул унаа менен жүргүлө” деп зооттолгон Мерседес унаасын белек кылган.

8-октябрь күнү Камчы Көлбаев жеке өзү кримчөйрөнүн балдарына “Сапар Исаков менен Атамбаевдин группасын колдогула” деген кабар таратып, буйрук берген. Биз андай маалыматтарды ИИМдин атайын бөлүмү аркылуу телефон сүйлөшүүлөрүнөн угуп турганбыз.

Алар — криминалдар: “Бардык күчтөр бирикти, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жалгыз калышты, элдин баары Сапар Исаковду колдошот, ал президент болот” деп, 8-октябрь күнү өздөрүнчө жыйынтык чыгарып алышкан. 9-октябрь күнү бардык күчтөр биригип, анан бизге каршы аянтка чыгышпадыбы.

Эсиңерде болсо, ошол күнү карапайым эл “бириккен күчтөрдү” аянттан кубалаганда Сапар Исаков менен Атамбаев Камчы Көлбаев белек кылган зооттолгон унаа менен аянттан качышкан. Ошондо белгисиз бир киши травматикалык тапанча менен унааны эшикке аткан. Ал унаа ушул күнгө чейин бир жер төлөдө сакталып туруптур. Желим ок тийген эшиги оңдолбостон, ошол эле бойдон экен.

Кечээ жакында жер төлөдөн табылып, унаанын кожоюну, кримчөйрөнүн өкүлү Мурат Рамонов көрсөтмө берип, Сапар Исаковго кайсы дарекке, кайсы убакта Камчы Көлбаевдин тапшырмасы менен алып барып бергенин (6-октябрь күнү) айтып берди. Ошол үчүн толук далилдер бар деп айтып жатам», деген ал.