Сапар Исаковго карата чыгарылган өкүм жокко чыгарылды

Жогорку Сот дагы бир иш боюнча буга чейинки чечимдерди жокко чыгарды. Тагыраагы Тарых музейи жана Чолпон-Атада жайгашкан ат майдандын оңдоп-түзөөсүнө байланыштуу кылмыш иштери жаңыдан кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу жогорудагы иштер боюнча башкы фигурант болгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов журналисттерге билдирди.

Тарых музейи боюнча “коррупция” беренеси боюнча айыпталган Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылган эле. Октябрь айындагы окуялар учурунда Сапар Исаков да түрмөдөн чыгарылып, бирок абакка кайра барган эмес. Анын кайда жүргөндүгү белгисиз болуп, ага издөө жарыяланган.