Сарпашев 500 гектар жерин мамлекетке өткөрүп берүү жагдайын түшүндүрдү

Мурдагы вице-премьер, Каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашев кечээ Финполго үч саат сурак берип чыкты. Ал 500дөн ашуун гектар жерди мамлекеттин балансына өткөрүп берүүгө байланыштуу журналисттерге комментарий берди.

“Бул жерди мен 2008-жылы алган элем. Бирок саясий кызматтарды ээлегеним үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл тургундары тарабынан түрдүү арыздар түшкөн. Алар өзүн көрсөтүү максатында бирөөнү жамандашы керек болду. Ушундай жол менен алар өзүнө пиар жасашты. Бул маселени көбүртүп-жабырта бербесин деп, жерди кайтарууну чечтим”, — деди Сарпашев.