Сарпашев буга чейин жайытка, эми имаратка кустурулду

Экс-вице-премьер, Каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашев бүгүн Финполго суракка чакырылды. Ал журналисттерге Токтогул районунда жайгашкан имаратын мамлекетке ыктыярдуу өткөрүп бере турганын айтты. Анын аянты миң чарчы метрдей чыгат жана аягына чейин курулуп бүтө элек.

“Имарат менин туугандарыма таандык болчу, 20 жылдай мурда сатып алышкан. Бишкек-Ош жолунун жээгинде турат. Аны кампа катары колдонушмак. Бирок мектеп, бала бакча же спорттук залга айлантып, мамлекеттин социалдык керектөөсүнө жарайт”, — деди Сарпашев.

Мыйзамсыз баюуга шектелип жаткан мурдагы чиновник буга чейин 500 гектардан ашуун жайыт жерин мамлекеттин эсебине өткөрүп берген.