Сарпашев сурактан үч сааттан кийин чыкты

Экс-вице-премьер, Каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев кечээ, 30-ноябрда Финполдон үч сааттан кийин сурактан чыкты.

Ал буга чейин ага карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сарпашев чоң мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган учурда көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, аларды жакын туугандарына каттаган. Мурдагы чиновниктин үйүндө тинтүү да болгон.

Тайырбек Сарпашев 6-октябрга караган түнү «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкта катуу сабалганы айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, аны башка адамга, тагыраагы Асылбек Жээнбековго окшоштуруп алышкан.