Сауд Арабиянын тышкы иштер министри биринчи жолу Кыргызстанга келди

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Фархан Аль Сауд Кыргызстанга келди. Ал Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча эки тараптуу мамилелердин тарыхында алгачкы жолу расмий сапары менен келип жатат. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдык маарекесинде боло турган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарга басым жасоо менен бирге, кыргыз-сауд мамилелерин кеңейтүүнүн абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири каралат.