Саясатчы Исмаил Исаков: «Июнь окуясы боюнча кылмыш иш козгоо мыйзамсыз»

«Июнь окуясы боюнча ишти козгоо мыйзамсыз». Бул тууралуу саясатчы Исмаил Исаков «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Так, кесе айтып коёюн — бул иш мыйзамсыз. Ушуну карагыла деген адамдардын өзүм билемдиги, мыйзамды билбегендиги, мыйзамды бузгандыгы. Бул эрте же кечпи чыгат. Экинчиден, максаты эмне деген суроо туулат. Булардын максаты эң чоң күнөөлүү фигуранттарды көмүскөдө калтырып, Убактылуу өкмөт жана сепаратистер экөө гана күнөөлүү дегендей кылып, 7-апрель окуясынын маңызын жокко чыгарып, Бакиевдин туугандарын, тарапташтарын актайбыз деген максат. Иш козгоо Камчыбек Ташиев Ташкентте протоколго кол койгондон башталган. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кол койгондон кийин мен көлөмдүү статья жазып чыктым. Ошондо эл көтөрүлүп баштаган. Ошондо оозубузду басалы деп, баса албай калып, ошондон чыккан», — деди ал.