Саясатчы Жеңиш Молдокматов ИИМге суракка чакыртылды

«Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов  ИИМге суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«6-май күнү саат 10:00гө ИИМге суракка чакырылдым. ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсүнөн «повестка» алдым», — деп жазды ал.

Жеңиш Молдокматов жаңы Баш мыйзамга каршы митингдерди уюштуруп келген. Ал президент Садыр Жапаровду, төрага Талант Мамытовду сотко берүүгө камданып жаткан. Анын санаалаштарынын бири Тилекмат Кудайбергеновду 15-мартта милиция кызматкерлери кармап кетишкен эле. Кийин ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк анын иши тергөөдөн кийин сотко өткөндүгү маалым болду.