Саясатчылардын кимисине ишенесиз? Садыр Жапаров алдыга суурулуп чыкса, Камчыбек Ташиев экинчиде

Саясатчылардын же коомчулукка белгилүүлөрдүн ичинен кимисине эң көп ишенесиз? Дал ушундай собол менен жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында жаңы шайланган президент Садыр Жапаров баарынан алдыга суурулуп чыкты. Бул сурамжылоону Эл аралык республикалык институт өлкө ичинде 12-декабрдан тартып 21-декабрга чейинки аралыкта жүргүзгөн.

Садыр Жапаров 2020-жылдын август айында ушул эле сурамжылоонун алкагында 8 пайыздык колдоого ээ болсо, декабрь айында ал көрсөткүч 51 пайызга жеткен.

Экинчи орунда Камчыбек Ташиев турат, ал августта 13 пайыздык ишенимге арзыса, декабрда ишеним арткандар азайып, 11 пайызды түзүп калган.

Тизмеде үчүнчү катарды Адахан Мадумаров ээлеп, ал августта 11 пайыз колдоо алса, декабрда 7 пайызга түшкөн.

Бирок эң көп ишеним жоготкон саясатчы Өмүрбек Бабанов болду. Анын ысымын августта сурамжылоого катышкандардын 16 пайызы атаса, декабрда араң гана 3 пайызы ишенерин билдирген.