Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов депутаттардын жана активисттердин телефондорун тыңшоо тууралуу чечим чыгарганда мыйзамды одоно бузган. Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлдөрүнө карата тергөө иштери аларга кылмыш иши козголгондо гана жүргүзүлөт. «Үч депутаттын кол тийбестиги бар. Кылмыш иши Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана козголот, андан кийин гана ар кандай тергөө аракеттери жүргүзүлүшү мүмкүн. Судья мыйзамды одоно бузду, ал кызматынан бошотулушу керек. Биз Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясына кат жөнөтүшүбүз керек”, — деди ал.
Клара Сооронкулова ИИМ саясатчыларды тыңшарын, тизмеде 100дөн ашуун адам бар экенин айтып чыккан. Кийин ИИМ муну мойнуна алган. Ал эми Биринчи Май райондук соту тыңшоо мыйзамдуу түрдө жүргүзүлгөнүн айткан.