Медер Алиев: «Садыр Жапаров саясий күчтөрдүн жардамы жок деле утмак»

Садыр Жапаров саясий күчтөрдүн жардамы жок деле утмак. Мындай ойду юрист, Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон Медер Алиев СуперТВ телеканалында «Саясий Коктейль» берүүсүндө түз эфирде маек берип жатып айтты.

«Садыр Жапаров айрым саясий күчтөрдүн жардамы жок деле шайлоодон утмак. Ал күчтөр ашып барса 10 пайыз добушту алып берди. Калган 70 пайызды өзү эле топтой алмак. Бирок алардын колдоосун кабыл алды, эми аларга карыздардык сезим пайда болушу мүмкүн. Алар президенттен аз дегенде кызмат ордун талап кылышы мүмкүн», — деди серепчи.