Сегизбаев Жапаровго дебатта суроо узаткан видео интернеттен өчүрүлдү

Кечээ, 30-декабрда Коомдук телерадио корпорациясында өтүп жаткан президенттикке талапкерлердин дебатынын биринчи туру аяктады. Телетаймашка Абдил Сегизбаев, Бабыржан Тольбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков жана Улукбек Кочкоров катышты.

Жээнбековдун айтымында, Кыргыз өлкөсүн саясий жана экономикалык кризис күтүп турат, жазында азык-түлүк тартыш болуп, эл аралык донорлордун жардамын суроого туура келет. “Алар президенттик башкарууну орнотом дегенге акча бербейт. Алар демократиялык парламентаризмди курабыз дегендерге акча берет. Албетте, бул менмин” дейт Равшан Жээнбеков. Курсан Асанов октябрь айындагы окуяларга токтолуп, Бишкек шаарын жаштар сактап калганын билдирди. Дебаттын эң курч учурун УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жаратты. Ал Садыр Жапаровго телетаймаш аркылуу кайрылып: “Эгерде эркек болсоң, дебатка кел, качпа, бетме-бет сүйлөшөлү”, — деди. Сегизбаев Жапаровго “жообун күтөм” деп бир катар суроолорду да узатты. Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун Бакиевдердин тоюнда жүргөн сүрөттөрүн да көрсөттү.

Ушул жагдайдан уламбы же башка себептери барбы, айтор, КТРК Ютуб каналынан кечээги дебаттын видеосун өчүрүп салды жана бул өчүрүп салуу да сындалууда.