Сегизбаев өзүнүн атына эч кандай мүлк катталбаганын айтты

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев өзүнүн атында эч кандай жеке мүлк жок экенин бүгүн, 22-январдагы жыйын учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, УКМКга кызматка кирерде өзүнүн атындагы мүлктөрүн эжесине өткөрүп берген.

“Учурда менин атымда мүлк жок. УКМКга кызматка кирип жатканда эжеме каттаткам. Ал өз кезегинде мага бир аз каражат бөлүп берген. Учурда Кой-Таш айылындагы атамдын үйүндө турабыз. Ал да уулума катталган”,- деди Сегизбаев.

Ошондой эле бир тууган эжесинин 106-сериядагы үч бөлмөлүү үйү, өзүнүн 5-6 бодо малы бар экенин, бодо малдарды сатып, каражаттын көпчүлүк бөлүгүн президенттик үгүт өнөктүгүнө короткондугун белгиледи.