Сегизбаевдин штабынын кызматкери УКМКга суракка чакырылды

Медиаменеджер жана соңку президенттик шайлоодо талапкер Абдил Сегизбаевдин штабында иштеген Нурзада Токтогулова УКМКга суракка чакырылды. Сурак кагазында ал бүгүн, 12-январда кечки саат 5те УКМКнын тергөө башкармалыгына келип калышы керектиги, эгерде келбей койсо, анда УКМКга мажбурланып жеткирилери жазылган.

Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы болгон Абдил Сегизбаев да үн катып, кайсы иш боюнча чакырылганын түшүндүрбөй Токтогулованы күбө катары суракка алып кетишкенин билдирди. “Биз муну куугунтук жана кысым көрсөтүү катары баалайбыз”, — деп Сегизбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.