Сегизбаевдин тарапташы Чоткараев абакка киргизилди

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев тергөө абагына киргизилди. Ал тергөө аяктагыча абакта болору айтылды.

Буга чейин 27-ноябрда президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев анын тарапташын, мурунку кесиптешин жана штабда кол топтоо процессин жүргүзгөн Дүйшөнбек Чоткараевди кармап кеткенин айткан. Сегизбаев «Саясий кысым катары баалайм. Бизди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат» деген.

Бул боюнча УКМК ири көлөмдөгү зер буюмдарынын аткезчилиги, айрым товар жеткирүүчүлөрдүн УКМКнын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алганы боюнча кылмыш иши козголгонун айткан. Бул иштин алкагында УКМКнын мурдагы кызматкери кармалып, контрабандалык жүктү кармоого жооптуу болгон УКМКнын төрагасынын орун басары болгон Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суралганы маалымдалган эле.

Чоткараев 2010-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары, анын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору болгон.