УКМКнын мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) суракка алып кетишти. Бул тууралуу Асанова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ошондой эле ал тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 3-февралда болжол менен эртең мененки саат 8.00 чамасында болгон. Мээрим Асанованын айтымында бул тинтүү анын жумушуна байланыштуу. Себеби ал шайлоо учурунда Абдил Сегизбаевдин президенттикке талапкер мезгилинде уюшулган штабында басма сөз катчысы болуп иштеген.
Эске салсак, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине шек саналып 25-январда камакка алынган.