«Сен Ак Үйдө түнөп жатасыңбы?». Депутат 7 айда 7 мыйзам жазганын айтты

«Сен Ак Үйдө түнөп жатасыңбы?». Депутат Марлен Маматалиев 7 айда 7 мыйзам жазганын, кесиптештери таңга маал деле, кеч деле анын унаасы токтоткон жайда турганын айтышканын билдирди. Бул тууралуу ал SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып айтты.

«Келгениме 7 ай болду, бирок ушул 7 айдын ичинде 7 мыйзам жаздым. Аларды ирети менен киргизип жатам. Ачууланган күнү да 3 мыйзамды өткөзгөн элем. «Сен Ак Үйдө түнөп калып жатасыңбы?» деп тамашага салып сурап калган депутаттар да бар. Алар эртең менен ишке келгенде деле, кечинде иштен кетип жатканда деле менин унаамдын токтоочу жайда турганын көрдүк деп айтышты. Мен иштеп жатам, мыйзамым көп», — деди депутат.