«Сен тажаттың» деп кубалаганы келген элек дешти». Садыр Жапаров Текебаевге болгон кол салуу боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаровдон «Арыба» сайты маек алып, маектин жүрүшүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча суроо берди. Буга президент «БШКдагы көйгөй бүтпөй жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле?» деп жооп берген.

«БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Андан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл-аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз.

Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. “Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, “сен тажаттың” деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат ойлодук эле. “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп. Текебаев болсо, “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызга бар. Ар кимибиздики ар башка санда. Ким качан, кайсы жерге митинг өткөрсө укук берип койгонбуз. Бирок бул укугубузду мен бийликке келгенге чейин колдонгонго мүмкүнчүлүк берчү эмес. Эсиңиздердеби? Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков убагында “митинг өткөрөм” десең алдын ала мэрияга сөзсүз түрдө билдирүү берчүсүң. Уруксат алчусуң. Ошондо да аянтка же башка жерге эмес, Горький багына уруксат берип коюшчу. Азыр болсо, билдирүүсү жок эле каалаган жериңе уюштура бересиң. Бирок негиздүү, тынч митингдер болсун. Эч кимдин бирөөнү митингден кубалаганга акысы жок», — деди ал.