«Ак кол бала». Депутат Атазов министр Базарбаевге нааразы болду

Мигранттар, пенсия, жөлөк пул боюнча өтө көп көйгөйлөр бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитет жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

«Социалдык өнүктүрүү министрлигин комитетке чакырыш керек. Кудайберген Базарбаевич келсе болот эле да. Миграция боюнча Фейсбукка жазып жатышат, «миграция тармагын бериңиздер, мен казынадан акча албай туруп көтөрөм» деп. Буларда эч кандай сунуш жок. Иштебей жаткан министрликке дал ушул министрлик кирет да. Кудайберген Базарбаевич иш бөлмөсүнөн чыкпайт, ал «городской» бала, ак кол. Комитетке да келе албай калыптыр. Пандемия бүттү, эми коркпой эле эл ичине кириш керек», — деди ал.