Шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоодо 610 миң 160 адам добуш бере алат

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмокто өтө турган шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоодо 610 миң 160 адам добуш бере алат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуучулар www.tizme.gov.kg сайты аркылуу кирип өзүнүн шайлоо участкасын көрө алат. Шайлоочу 2-июлга чейин катталган жерин түзөтүп ала алат. Ал эми 8-июлга чейин шайлоодо добуш берүүнү каалагандар УШКга арыз берсе болот.