Кайрадан шайлоо. Жаныбек Абиров жана Руслан Жакышев партиядан чыгарылды

11-июлда өтө турган Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайрадан шайлоонун алдында Жаныбек Абиров жана Руслан Жакышев «Эмгек» партиясынын талапкерлер тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти. Бул чечимдин келип чыгуу себебин партия түшүндүргөн эмес. Айрым маалыматтарга караганда, алардын партиядан чыгып калуусуна Абиров менен Жакышев катышкан кылмыш иштери себеп болгон.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Ал эми Руслан Жакышев апрель айында өткөн шайлоодо муниципалдык аймактык башкармалыктын биринде добуш берүүчүлөргө акча таратуу окуясына аралашып калган.