Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы. «Эмгек» партиясы жарыштан четтетилди

Бүгүн Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда. Анда «Эмгек» партиясы жарыштан четтетилди.

Үй комитеттери аркылуу административдик ресурсту пайдаланган, ошондой эле участкалык комиссиялардын ишине тоскоолдук кылган «Эмгек» партиясынын айрым талапкерлеринин аракеттерине даттанууларды кароодо Бишкек АШКнын мүчөлөрү мындай чечимге келишти: саясий уюм мандат алуудан четтетилиши керек жана бул үчүн добуш берилген бюллетендер жараксыз деп табылсын. 

Буга чейин «Ак Бата» партиясынын лидери, борбордун экс-мэри Нариман Түлеев дагы «Эмгек» партиясы тарабынан ири мыйзам бузууларды жарыялап, кайра шайлоону дайындоону талап кылган эле.