Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Үгүттөө 12-мартта башталат

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо үгүт жараяны 12-мартта башталат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, үгүт жараяны шайлоо күнүнө 24 саат калганда токтойт. Тактап айтканда, 10-апрель күнү саат 8:00дө. Шаардык кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.

Бекматов учурда шайлоого даярдык көрүлүп, талапкерлер, партиялар катталып жатканын билдирди.