Бүгүн, 20-июнда кайрадан шайлоо дайындалган үч шаардык кеңештин шайлоосуна үгүт иштери башталды. Бишкек шаардык кеңешине 17 партия талапкер көрсөткөн. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин, башкача айтканда, бүгүн 20-июнда башталып, 10-июлда аяктайт. Ал эми шайлоо 11-июлга белгиленген.
Бишкек шаарындагы шайлоого төмөнкү партиялар катышат:
- «Өнүгүү-Прогресс» — партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев;
- «Социал-демократтар» — партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков;
- «Замандаш» — партиянын жетекчиси Аскарбек Өмүракунов;
- «Келечек-Будущее» — партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев;
- «Ата-Журт Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Маткеримов;
- «Биздин Кыргызстан» — партиянын жетекчиси Айбек Осмонов;
- «Ынтымак» — партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев;
- «Жаңы мезгил» — партиянын жетекчиси Казакбай кызы А.;
- «Биздин Эл» — партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов;
- «Туран» — партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан;
- «Эмгек» — партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов;
- Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Артур Медетбеков;
- «Жашыл Кыргызстан» партиясы — партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев;
- «Күч бирдикте» коомдук-саясий партиясы — партиянын жетекчиси К.Абдивалиев;
- «Улуу-Журт» — партиянын жетекчиси М.К.Орозбаев;
- «Реформа» — партиянын жетекчиси Клара Сооронкулова;
- «Столица» демократиялык партиясы — партиянын жетекчиси Данияр Өмүрзаков.
Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 25 партия катышкан. Алардын ичинен 7 пайыздык босого чектен «Эмгек», «Ак Бата», Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) , «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы КЭДП, «Эмгек» жана «Ак Бата» партияларынын добуштарын жараксыз деп тапкан.