Шаардык сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакта калтырды

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакта калтырган чечим чыгарды. Тагырагы экинчи инстанция райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин Жогорку Сот Батукаев боюнча Атамбаевге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле. Жактоочулардын айтымында, өкүмдөр жокко чыгарылган соң, мурдагы президент үй камагына чыгышы керек.

«7-декабрда Биринчи май райондук соту жактоочулардын катышуусуз Атамбаевди 47-колониядан УКМКнын тергөө абагына которгон чечим чыгарган. Биз райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанганбыз. Бүгүн шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып койду», — деди жактоочу Замир Жоошев.

Жактоочу буга чейин «Саясий коктейль» берүүсүнө берген маегинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президенттин абалын көрүп чыккандан кийин Алмазбек Атамбаев Жаңы жылдын алдында ден соолугу начарлап 47-колонияга которулганын айткан.