Бир мандаттуу округдарга талапкерлерин көрсөткөн партия Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине күрөөгө 1 миллион сом которот. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Шайлоодон кийин төмөнкү учурда гана күрөө кайтарылып берилет:
- 1 пайыздан аз эмес добуш алган болсо;
- Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмеси БШК тарабынан каттоого алынбай артка кайтарылса;
- шайлоо бюллютени жана текстти түзүлгөнчө ат салыштан баш тартса;
- шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса.
Күрөө кайтарылбайт:
- талапкерди, партиянын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин мыйзам бузгандыгы үчүн каттоодон баш тартса;
- партиянын добуштары жокко чыгарылса.