БШК шайлоо өнөктүгү баштала турган күндү белгиледи. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Анда партиялар жана бир мандаттуу талапкерлер үгүт өнөктүгүн 29-октябрда баштай турганы көрсөтүлгөн. Үгүт 27-ноябрда саат 8:00дө аяктайт. 8-сентябрга чейин округдук комиссиялар мандатка талапкерлерди ар бир шайлоо участогунун аймагында үгүт материалдарын илчү жерлер менен камсыздашы керек.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.