Парламенттик шайлоо-2021: Алты партия шайлоого катышуу үчүн билдирме берди

БШКга «Жаратман Эл» саясий партиясынан 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Памир Суранбаевди, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Салтанат Асанбекованы көрсөткөн. 

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар борбордук комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салат. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 3-сентябрь, саат 18.00гө чейин.

Буга чейин БШКга «Социал-демократтар», “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, «Альянс», “Кыргызстандын жашылдар партиясы” саясий партиялардан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.