Шайлоо-2021. Мелисбек Мырзакматов менен Артур Медетбеков бирикти

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматов жана Кыргызстан Элдик демократиялык партиясынын лидери Артур Медетбеков алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого биргелешип катышуу үчүн биригүүнү чечишти. Бул тууралуу аталган партиянын баракчасында жазылат.

18-сентябрда «Улуттар биримдиги» партиясынын штабы Мелис Мырзакматов жетектеген партия менен “Көзөмөл” коомдук кыймылынын башчысы Айбек Турганбаев парламенттик шайлоого биргелешип катышарын билдирген эле.

Ага чейин «Улуттар биримдиги» партиясы парламенттик шайлоого «Мекен сакчысы» коомдук бирикмеси менен чогуу бара турганы, бул боюнча атайын келишим түзүлгөнү кабарланган.