Шайлоо аяктады, алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Жапаров баарынан ат чабым алдыда

Бүгүн, 10-январда кечки саат 8:00дө өлкө ичиндеги 2,5 миңге жакын шайлоо тилкелери жабылып, президенттик шайлоо жана референдум жыйынтыкталды. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө 50гө чукул шайлоо тилкеси бар, алардын алды жабылып, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду.

Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 33 пайызынын тегереги президенттик шайлоого жана референдумга добуш берди. 30 пайыздан ашкан учурда референдумду өттү деп эсептесе болот. Референдумдун алдын ала жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын көбү президенттик башкарууну колдошту.

Ал эми президенттик шайлоонун жыйынтыгына келсек, алдын ала эсептөөлөр боюнча алдыга Садыр Жапаров озуп чыккан, экинчиде Адахан Мадумаров. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жапаровго шайлоочулардын 75 пайыздан ашууну добуш берген. Эгерде бир талапкер 50 пайыздан көп добуш алса, анда 2-тур болбойт.

Жалпы жонунан шайлоо жана референдумга добуш берүүчүлөрдүн катышуусу буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу пассивдүү болду.