Шайлоо боюнча башкы жооптуу жетекчиден убада: «Биз 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз»

Кечээ, 18-декабрда Нарын жана Ысык-Көлдө президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчылары жыйын өткөрүштү. Штабга вице-премьер Максат Мамытканов менен Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова тең жетекчилик кылышары маалым.

Мамыткановдун айтымында, мыйзам бузуулар орун алган учурда катаал чаралар кабыл алынат. «Укук коргоо органдары алдында так милдет – ар кандай мыйзам бузууларга ыкчам жооп кайтаруу милдети коюлган. Учурда республиканын ар бир жаранында уюлдук телефон бар, тартып, бизге жөнөткүлө, биз ыкчам чараларды кабыл алабыз. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурс жана башка мыйзам бузууларга жол берилбеши керек», — деди вице-премьер.

Мамытканов белгиленгендей, административдик ресурс пайдаланылса, шайлоочулардын добушу сатылып жатса, же башка мыйзам бузуулар орун алса, координациялык топтордун реакциясы токтоосуз болушу керек.

“Биз 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз”, — деп жыйынтыктады вице-премьер.