Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын жарыялады.
Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталды:
- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
- ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарга ылайык берилген маалыматтарга негизделди. Ар бир округ 100 миң 476 +/- 20% шайлоочу болжолдуу саны менен түзүлөт.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:
| Облус | Шайлоочулардын саны | Округдардын саны |
| Бишкек шаары | 428 599 | 4 |
| Ош шаары, Ош облусу | 898 569 | 9 |
| Баткен | 305 053 | 3 |
| Жалал-Абад | 686 364 | 7 |
| Талас | 163 109 | 2 |
| Чүй | 609 774 | 6 |
| Нарын | 209 101 | 2 |
| Ысык-Көл | 316 572 | 3 |
| Баардыгы: | 3617141 | 36 |











