Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан шайлоонун алкагында — талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө жана башка жактарга салынган айыптардын жалпы суммасы 700 миң сомдон ашты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жумушчу топ шайлоо мыйзамына ылайык мониторинг жүргүзгөн. БШКнын отурумунда жалпысынан 189 кайрылуу жана мониторингдин материалдары каралган.
Карап чыгуудан кийин 39 материал боюнча чара көрүлдү, 4 эскертүү, 35 талапкерге Кылмыш-жаза кодексине ылайык 7500 сом айып салынды.
Ошондой эле 27 субъектке — өкүлдөргө, ишенимдүү адамдарга жана башка катышуучуларга чара көрүлүп, айып салынган. Мындан сырткары жети юридикалык жак, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарнама агенттиктери айыпка тартылды.










