«Шайлоо ыплас өттү». Шайлообек Атазов мыйзам чегинде күрөшөрүн билдирди

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес жана анын жыйынтыгын сотко берет. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазып чыкты. 

«Биз сотко беребиз! Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудио жазуулар, фактылар бар. Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм. Түнү менен мага телефон чалган шайлоочуларым сабыр кылып туруңуздар! Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз», — деп жазды ал.