Шайлообек Атазов: «Ак үйдө баары жомоктогудай, эл арасында ак жеринен камалып кеткендер көп»

Ак үйдө баары жомоктогудай, эл арасына кирсең ак жеринен камалып кеткендер көп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

«Жыйын өткөрүп жарандардын кайрылууларын угушубуз керек. Кылыбыз кыйшайбат дегендей отурушпайбы, «бизде баары жомоктогудай» деп, адамдардын укугу милиция тарабынан бузулган учурлар көп. Ак үйдүн ичинде баары жомоктогудай болуп жатат. Бирок эл арасына кирсең, ак жеринен камалып кеткенинен энеси 5 жылдан бери көз жашын төккөндөр бар. Акыйкатчы улам укук коргоо органдары ишти кыскартып койду деп жатат», — деди Атазов.