Атазов: «Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөлөрүнүн добушу жеткен жок»

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөлөрү лидер Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтө алышкан жок. Бул тууралуу Шайлообек Атазов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Нышановдун лидерликтен кетишине алты адам добуш берсе, регламент боюнча сегиз эл өкүлү талап кылынган. 

«Башында бул маселе таптакыр күн тартибинде болгон эмес. БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлерди талкуулашыбыз керек эле. Бир нече фамилиялар сунушталды, алардын арасында Искендер Гайпкулов, Мухтар Маматов, Гүлнара Журабаева бар болчу. Биз аларды укпай, түз эле Сайдулла Нышанов боюнча темага өтүп кеттик. Бирок аны лидерликтен алуу үчүн жетиштүү добуш алуу мүмкүн болгон жок. Кворум болгон жок. Ошондуктан, ал ишин улантат», — деди эл өкүлү.

Ал эми буга чейин депутат Айсулуу Мамашова фракция Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн тастыктаган.